• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Араванда жаңы логистикалык борбор ачылды

Аймак 0

Ош, 21-июнь /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусуна караштуу Араван районундагы Анаров айылында USAIDдин колдоосу менен «Агрогоризонт» долбоорунун алкагында жеке ишкер Аваз Абдурахимов жашылча, жемиштерди сорттоо, тазалоо, аны таңгактоо жана туура сактоого мүмкүн болгон логистикалык борбор ачты. Бул тууралуу Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, аталган логистикалык борбордо учурда 20 адам иштеп жатат. Анын көлөмү 6 миң куб метрди түзөт. Суткасына борбор 10 миң тоннадан 30 миң тоннага чейинки жашылча, жемиштерди сорттоп, тазалап, таңгактаганга үлгүрөт. Келечекте андагы иштегендердин санын 50гө чейин жеткирүү пландалып жатат.

“Аталган логистикалык борбор түштүк аймактагы эң көлөмдүү мекеме деп эсептелинип, 2018-жылдан тартып Ош, Жалал –Абад жана Баткен облустарында өндүрүлгөн продукцияларды кабыл алып, аны ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо пландалган. Логистикалык борбордун ачылышы менен дыйкандар өндүргөн товарын сатууда маселе жаралбайт”,-деп жазылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий