• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Араванда жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Ош облусунун Араван районундагы Чөгөм айылында имамдын демилгеси менен жергиликтүү эл тарабынан ашар жолу менен 4-класска чейинки окуучулар үчүн 40 орундуу жаңы мектеп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Мектептин ачылышына Араван районунун акими Сейтек Кулубаев, Араван районунун баш имам-хатиби Алибек ажы Жусупов, райондун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Мырзабек Ахматалиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Саамалыкта баш имам-хатиб Алибек ажы куруучуларга жана айыл имамы Маматмуса ажы Жакшыбаевге ыраазычылык билдирип, окуучуларды билим алууга шыктандырды.

«Биз балдарга билим берүү аркылуу чоң жакшылык кылган болобуз. Маматмуса ажы ата себепчи болуп, жаркыраган билим уясы курулуп, окуучуларды кубанычка бөлөдү», - деди ал.

Чөгөм айылында мектеп элеттин четинде жайгашкан. Окуучулар мектепке барууда 3 чакырым жолду басып, кыйынчылык туудургандыктан кенже класстын окуучулары үчүн өзүнчө мектептин имараты салынды.

Айыл имамы Маматмуса ажы Жакшыбаев өзүнө таандык жер тилкесин мектеп куруу үчүн бөлүп берген. Анын демилгеси менен буга чейин кенже класстын окуучулары имамдын үйүндө билим алып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий