• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Араванда жашы жете электер арасында «Алдын алуу күнү» өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 08.11.20. /Кабар/. Араван районунун аймагында 2020-жылдын 6-ноябрь күнү жашы жете электер арасында укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында «Алдын алуу күнү» иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Ош ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын жана Араван РИИБдин жашы жете электер менен иштешүү инспекциясынын инспекторлору, билим берүү мекемелердин социалдык кызматкерлери, райондогу балдарды коргоо мекемесинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, кароосуз калган, ата-энелери эмгек миграцияда жүргөн жашы жете элек балдарды аныктап, алар менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Ошондой эле Араван районун аймагында жаш өспүрүмдөрдүн эмгегин мыйзамсыз пайдалануулардын, ден-соолугуна, дене бой, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында рейд өткөрүлүп, натыйжада автоунаа оӊдоочу, эмерек жасоочу жана коомдук тамактануучу жайларда иштеген 10 жашы жете электер аныкталып, Ош ОИИБдин Жашы жете электердин укук бузууларын алдын алуу борборуна (ЖУАБ) жеткирилген. Натыйжада алардын ата-энелери чакыртылып, түшүндүрүү иштери алынып барылды.

«Жогоруда аталган иш-чаранын жүрүшүндө түнкү рейд уюштурулуп, рейд учурунда түнкү убакытта кароосуз көчөдө жүргөн 12 жаш өспүрүм аныкталган. Алардын ата-энелерин чакыртылып, түнкү убакытта балдарды жалгыз көчөгө чыгаруу кооптуу экендигин түшүндүрүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий