• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Араванда жол кырсыгынан 3 адам каза болду, бирөө ымыркай - сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 08.05.19. /Кабар/. Ош облусунун Араван районундагы Ачы айылында эки унаа кагылышып, 3 адам каза болду, бирөө жаңы төрөлгөн ымыркай. Бул тууралуу облустук автоинспекциянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 7-май күнү болжол менен саат 16:00дөр чамаларында “Тойота-Ипсум” жана “ВАЗ-2106” үлгүсүндөгүү унаалар кагылышкан. “Тойота” унаасын 1997-жылкы Араван районунун Ж.А., аттуу тургуну, ал эми “ВАЗ-2106” унаасын 49 жаштагы Ж.М., аттуу жаран башкарып келе жаткан.

Кырсыктын натыйжасында “ВАЗ-2106” унаасынын айдоочусу, 1959-жылкы жүргүнчү жана быйыл жарыкка келген ымыркай көз жумган.

Андан тышкары 6 адам жабыркап, баардыгы райондук ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий