Араванда жол кырсыктарын алдын алуу максатында рейд өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Араван районунда жол кырсыктарын алдын алуу максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Араван районунда жол кырсыктарынын санын азайтуу жана болтурбоо, калкка кызмат кылуучу автоунааларга жол бербеген айдоочуларга жолдо жүрүү эрежелерин түшүндүрүү максатында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын, Саламаттык сактоо министрлигинин Тез жардам кызматы жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан биргеликте рейд өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий