• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Араванда каналга түшүп кеткен 52 жаштагы эркектин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 09.08.22. /Кабар/. Араванда каналга түшүп кеткен 52 жаштагы эркектин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызмтаы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн издөө иштерин улантуу максатында Араван райондук ӨКБдан 19 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 9 адам тартылган.

"Издөө иштеринин натыйжасында саат 11:30да куткаруучулар тарабынан аталган жарандын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-августта Араван районунун Жаңы-Жол айылынан агып өткөн Араван - Ак-Буура каналына 1970-жылы туулган Ж.Б. аттуу эркек киши чөгүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий