• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аравандагы мамкаттоо кызматынын башкармалыгында 3 ай белгисиз адамга айлык акы төлөп келишкен

Аймак 0

Бишкек, 09.08.18 /Кабар/. Прокуратура “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “КРнын жер тууралуу мыйзамдарын бузуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тергөө аныктагандай, Араван райондук Кыймылсыз мүлккө укукту каттоо жана кадастр департаментинин башкармалыгынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2015-жылдан 2018-жылга чейин башкармалыкта иштебеген жумушчуга айлык акы которуу аркылуу мыйзамсыз түрдө акча алып турушкан. Натыйжада мамлекетке 644 миң 167 сом зыян алып келишкен.

Андан сырткары Мамкаттоонун Араван райондук башкармалыгынын жана А.Анаров атындагы айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жер участогу убактылуу колдонууга гана берилгенине карабастан, жерге байланыштуу мыйзамдардын талаптарын бузуп, жер участогуна карата жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт беришкен. Аталган жер тилкеси Кайрагач-Арык айылындагы билим берүү мекемесинин жанында жайгашкан.

Кылмыш иши андан ары иликтенүүсү үчүн компетенттүү органга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий