• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аравандыктар картошка эгүүнү баштады

Аймак 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Быйыл жаздын эрте келиши менен аравандык дыйкандар жазгы талаа иштерин баштады. Бул тууралуу Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын башчысы П.Мирзабарамов билдиргенин Айыл чарба министрлиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 28-январдан тарта Араван районуна караштуу С.Юсупов айыл аймагынын дыйкандары эрте бышуучу картошканын үрөнүн отургуза башташты. Ал эми ушул эле райондун Нурабад айыл өкмөтүндө 30-январдан тарта картошка үрөнү отургузула баштады.

Учурда райондо абанын күндүзгү температурасы 10 градус жылуу болуп, башка дыйкандар дагы жазгы талаа иштерин баштап жаткандыгы тууралуу айтылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий