• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Арча-Бешик-2 конушундагы мектептин курулушу жаңы окуу жылына чейин бүткѳрүлѳт

Коом 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Арча-Бешик-2 жаңы конушундагы жаңы мектептин курулушу 88 пайызга аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда мектептин ички жасалгалары, тышкы келбети жана абаттуулугу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Аталган мектеп 500 окуучуга ылайыкталган. Долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал жана жабдылган химия, физика жана информатика класстары болот. Ошондой эле мектепте толук кандуу окуу процесси үчүн бардык зарыл болгон шарттары жана эмеректер менен жабдылат.

Белгилей кетсек, объекттин сметалык наркы 1 млн 230 миң 986 долларды түзөт. Мектептин курулушун жаңы окуу жылына чейин аяктоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий