• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Арча-Бешик» конушунда суу түтүктөр өткөрүлүүдө - мэрия

Коом 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. «Арча-Бешик» жаңы конушунун Эр-Тайлак көчөсүнүн Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин суу түтүктөрүн куруу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куруу иштери шаар куруу жана архитектура боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен белгилешкендей, түйүндүн узундугу 510 метрди түзүп, 258 турак үйдү камтыйт.

Өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы подрядчы - «Гигаком» курулуш компаниясын аныктады.

Келишим боюнча курулуш иштеринин наркы 2 миллион 305 миң 377 сомду түздү.

Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий