• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Арча-Бешик конушунда турак үйдө өрт чыгып, бир адам каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Бишкектин Арча-Бешик конушунун Күйүков көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 90 чарчы метр чатыры, балдар бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө саат 03:28де бир бөлүм тартылган. Саат 03:46да кошумча бир бөлүм тартылган. Турак үйдөн чыккан өрт саат 05:28де толук өчүрүлгөн.

“Кырсыктын кесепетинен 30 жаштагы А.У. аттуу үй ээси көмүр кычкыл газына ууланып, тез жардам кызматы аны ооруканага алып кеткен. Аталган жаран ооруканага жетпей каза болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий