• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Арча-Бешик конушунда жоголуп кеткен 3 жашар бала аман-эсен табылды

Коом 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Арча-Бешик конушунда жоголуп кеткен 3 жашар бала аман-эсен табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай,18-сентябрда болжол менен саат 11:10дор чамасында Бишкек шаардык милициянын “102” кызматына Арча-Бешик конушунда кичинекей бала адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 3 жаштагы М.М., аттуу кичинекей бала адашып, үйүн таппай жүргөндүгү аныкталган. Жолдон белгисиз жаран милицияны чакырып, күтүп турганы белгилүү болгон. Чакыруу менен келген укук коргоочулар баланын жашаган дарегин издеп таап, бөбөктү атасына аман-эсен өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий