• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Арча-Бешикте Азия чемпионатынын ачылышы болду

Спорт 0

Бишкек, 13-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкектеги “Арча-Бешик” жаңы конушунда жайгашкан спорт комплексте жаштар арасындагы дзюдо боюнча Азия чемпионатынын ачылыш аземи болуп өттү .

Улуттук федерациянын президенти Жолдошбек Көлбаев сөз сүйлөп конокторго ийгилик каалады. “Биз үчүн бул спорттук таймашты Кыргызстанда өткөрүү сыймык”,-деди ал.

Кыргызстанда өтүп жаткан Азия биринчилигине 18 мамлекеттен 338 спортчу катышат. Жалпысынан 32 комплект медаль ойнотулат.

Кыргызстандын курама командасынын атынан таймашка 40 спортчу катышат.

Биринчи күнү балдар жана кыздар арасында 8 комплект медаль ойнотулат.

Пикир

Оставить комментарий