• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ардагер балбан Роман Сарыбаев Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 21.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Роман Сарыбаев ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Эркин күрөш боюнча 88 кг салмактагы Сарыбаев мелдештин жарым финалында америкалык Жеймс Медейросту 7:1 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды. Буга чейин кыргызстандык балбан өзбекстандык жана казакстандык спортчуларды ири эсепте жеңген.

Аталган мелдеште Чынарбек Изабеков менен Талант Бегалиев алтын, Сааданбек Ниязов коло медалга татыган.

Грек-рим жана эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 19-24-октябрда Грециянын Лутраки шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий