• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ардагер балбандар Чынарбек Изабеков менен Сааданбек Ниязов дүйнө чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Кыргызстандык балбандар Чынарбек Изабеков менен Сааданбек Ниязов Болгариядагы ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдеш 4-9-октябрга чейин Болгариянын Пловдив шаарында өтүүдө.

Изабеков D категорияда 100 кг салмакта күчүн сынап, финалда казактандык балбанды утуп, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду. Ал эми E категорияда 130 кг салмакта Сааданбек Ниязов казакстандык, америкалык жана ирандык балбанды утуп, алтын байгеге ээ болду.

Мындан сырткары, 70 кг салмакта Талант Бегалиев күмүш, D категорияда 78 кг салмакта Кадыр Кеңешов коло медаль жеңди.

Белгилей кетсек, балбандар жаш куракка жараша категорияларга бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий