• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ардагер журналист Сулуубек Токсобаева дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Кыргыз улуттук маданияты жана журналистикасы оор жоготууга учурады. 2020-жылдын 30-апрелинде кыргыз кыздарынан чыккан алгачкы журналисттеринин бири Сулуубек Токсобаева 91 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.

Сулуубек Токсобаева 1929-жылы Сокулук районундагы Жыламыш айылында туулган.

1946-жылы Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын, 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун 1949-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде иштөөдөн баштаган. Кыргыз сатирасына кыз-келиндерден биринчилерден болуп баш оту менен кирип, журналист – сатирик катары таанылган.

Ал республикалык «Чалкан» журналында 30 жылдан ашык иштеп, далай куйкум сөздүү фельетон, сатиралык аңгемелери менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Ал Москвадагы журналисттердин V съездине делегат болуп катышкан.

Сулуубек Токсобаева эмгеги элге бааланып, райондук советке депутат, республиканын басма сөз органдарындагы көп жылдык жемиштүү иши жана эмгеги үчүн СССР жана Кыргыз Республикасынын Жогорку кеӊешинин Ардак грамоталары менен, ошондой эле «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» мамлекеттик медалы менен сыйланган.

1983-жылы балдар үчүн «Эки таранчы» китеби жарык көргөн, «Табам, чагам», «Айланкөчөк» аттуу китептерде аӊгемелери жарыяланган.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ардагерлер кеӊешинин мүчөсү болгон.

Сулуубек Токсобаеванын жаркын элеси аны билгендердин эсинде түбөлүккө сакталат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маркумдун бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

Пикир

Оставить комментарий