• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ардактуу энергетик Жамалбек Түлөбердиев дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Өлкөбүздүн энергетика тармагы орду толгус оор жоготууга учурады.

Кыргыз ССРнин эмгеги сиңирген ардактуу энергетиги Жамалбек Түлөбердиев 18-августта 88 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жамалбек Түлөбердиев Москва суу чарба инженерлеринин институтун аяктап, 1956-жылы эмгек жолун баштаган. Аламүдүн ГЭСинин кыркасынын гидротехникалык цехинин улук устаттык кызматынан Мамлекеттик акционердик холдинг энергетикалык компаниясынын (Кыргызгосэнергохолдинг) президентинин жолун басып өттү.

Жамалбек Түлөбердиевдин кол алдында Кыргызстандын энергетикалык тармагынын пайдубалы түптөлүп, ири ГЭСтер, жылуулук борборлору, аба электр чубалгылары, көмөк чордондор, жылуулук тармактары курулган.

Токтогул жана Күрп-Сай ГЭСтери долбоордук кубаттуулуктарына жеткирилген, Бишкек шаарынын ЖЭБинде жаңы кубаттуулуктар киргизилген, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай жана Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушу боюнча даярдык жумуштар башталган. Нарын дарыясынын суу ресурстарынын гидроэнергетикалык пайдалануусунун долбоорун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, Токтогул ГЭСинин кыркасынын курулушуна зор салымын кошкон.

Жамалбек Түлөбердиевдин түздөн-түз катышуусу менен Орто Азия менен Казакстандын биргелешкен энергетикалык тутуму түзүлгөн.

Энергетиктердин ассоциациясынын башчысы болуп, аталган тармакта тыгыз иш алып барып, энергетик ардагерлердин маселелерин чечип, жаш адистерге тажрыйбасы менен бөлүшүп, талыкпай эмгектенген.

Эл аралык Инженердик Академиясы менен Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын академиги, илимий журналдарда жана республикалык басмаларда макалалардын автору тармактын легендарлуу каарманы наамына ээ болгон.

Жамалбек Түлөбердиев Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты, Эмгек Кызыл Туусу эки ордени, “Элдер достугу” ордени, Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган, СССРдин жана Кыргыз ССРнин Мамлекеттик сыйлыктарынын Лауреаты, “Кыргыз ССРнин эмгеги сиңген энергетиги” жана “СССРдин Ардактуу энергетиги” наамдары ыйгарылган.

Жамалбек Түлөбердиевдин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Пикир

Оставить комментарий