• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ардактуу консул институтунун маанилүүлүгүн арттыруу менен, алардын жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөлөрүнүн, КР Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Сапар Исаков жана КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдары менен болгон жолугушуусунда айтылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тармактык комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев белгилегендей, эгемендүүлүк жылдары Кыргызстан ички жана тышкы саясатты түп-тамырынан өзгөртүүгө жетишип, мамлекеттин тышкы саясый ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери менен келечектүү багыттарын аныктай алды.

Жогорку Кеӊештин депутаттары менен ардактуу консулдардын жогорку деӊгээлдеги алгачкы жолугушуусу мындан аркы тыгыз кызматташууларга жол ачат деген Аскарбек Шадиев:"Чет өлкөлөр менен болгон саясий-гуманитардык, соода-экономикалык байланыштарды, айрыкча парламенттер аралык алакаларды жакшыртуу багытында биргелешип иштешүүбүз зарыл", - деди.

Ал эми тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ардактуу консулдардын акыркы жылдары жасап жаткан иштерине токтолуп, буга мисал катары Кыргызстандагы табигый жана күтүүсүз кырсыктарга чет өлкөдөн жардамдарды тартуу жаатында жигердүү иш алып барып жатканын кошумчалады. Белгилүү болгондой, акыркы беш жыл ичинде ардактуу консулдуктардын аракети менен Кыргызстанга 5 млн доллардын тегерегинде жардам келген.

Материалдык жардамдардан тышкары, Кыргызстанга инвестиция тартууда жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандарына колдоо көрсөтүүдө ардактуу консулдардын салымы чоӊ экендигин айткан КР Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Сапар Исаков консулдарга өлкө жетекчисинин атынан ыраазычылык билдирди.

Ардактуу консулдар да депутаттарга жасап жаткан иштери тууралуу учкай маалымат беришип, консулдук өкүлчүлүктөрдүн ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан жагдайларды көтөрүштү. Алсак, Кыргызстандын Бразилиядагы ардактуу консулу Аскар Салымбеков дипломатиялык паспорттордун мөөнөтүн аныктоо багытындагы көйгөйлөр тууралуу кеп салды. Андан тышкары, консулдук ишмердүүлүккө уруксат берүүчү аккредиттик картты жыл сайын алмаштыруу чоӊ маселе жаратып жатканы тууралуу сөз болду.

Пикир

Оставить комментарий