• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

«Ардактуу турист» наамына жарыяланган сынак 15-декабрга чейин узартылды

Коом 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. «Ардактуу турист» наамына жарыяланган сынак 2020-жылдын 15-декабрына чейин узартылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү эпидкырдаалды жана облустар аралык каттамдардын токтогондугун эске алуу менен Туризм департаменти сынакты 15-декабрга чейин узартуу чечимин кабыл алган.

«Учурдагы кырдаалга байланыштуу кызыкдар тараптарга наам үчүн сынакка катышууга толук мүмкүнчүлүк ала алышкан жок. Ошондуктан сынактын мөөнөтүн узарттык», - деп айтылат маалыматта.

Сыйлык тапшыруу аземи 2021-жылдын январь айында өтөт. Кыргызстандын 10 ажайып жерин кыдырып чыккан жеңүүчүгө «Ардактуу турист» деген наам ыйгарылат. «Ардактуу турист» сынагы жыл сайын уюштурулуп турмакчы.

«Ардактуу турист» наамын алуу үчүн төмөнкү 10 жерге барып келүү керек:

1. «Бурана» комплекси
2. «Өзгөн» комплекси
3. «Таш-Рабат» тарыхый комплекси
4. «Сары Челек» коругу
5. Манастын күмбөзү
6. Сан Таш
7. Сказка каньону
8. «Арсланбап» улуттук коругу
9. «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей-комплекси
10. «Шах-Фазиль» күмбөзү.

Сынакка катышуу үчүн аталган жерлерден сүрөткө түшүп, сүрөттөрдү министрликтин же Туризм департаментинин Facebook баракчасына жөнөтүү керек, ошондой эле сүрөттөрдү #УникалдууКыргызстан хештеги менен жеке социалдык тармактардагы баракчаларга жарыяласа болот.

Пикир

Оставить комментарий