• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Арген Бактыбеков жаштар арасындагы бокс боюнча Азия чемпионатында коло тагынды

Спорт 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Арген Бактыбеков жаштар арасындагы бокс боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Турнир ушул күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жатат.

Ражапов 86 килограммга чейинки салмак категориясында мелдештин жарым финалынан баштап катышты.

Ал казакстандык мушкер менен беттешип, калыстардын чечими менен жеңилген. Бирок кыргызстандык мушкер аталган салмак категориянын акыркы протоколунда 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий