• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Арген үндүү ырчы. Токтоналы Сейталиевге жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 25.02.21./Кабар/. Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады.

2021-жылдын 24-февралында узакка созулган оорудан кийин көрүнүктүү опера ырчысы, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Токтоналы Сейталиев 84 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Токтоналы Сейталиев 1937-жылы 3-декабрда Чүй облусунун Панфилов районундагы Жайылма айылында туулган.

1956-1957-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын алдындагы бир жылдык опера жана хор студиясын аяктаган.

1957-1962-жылдары Фрунзедеги жумушчу жаштардын № 15 кечки мектебинде окуу менен бирге, хор артисти болуп иштеп жүрүп,

1960-жылы окууну аяктаган.

1962-1969-жылдары Курмангазы атындагы Казак мамлекеттик искусство институтунун вокал факультетин бүтүргөн. Институтта окуу менен бирге Казак радиосунун жана телевидениесинин камералык оркестринин солисти болуп иштеген.

1969-жылдан баштап 2013-жылга чейин А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисти, алдыңкы сахна чебери, вокал боюнча мастер-класстын жетекчиси болгон.

1995-2015-жылдар аралыгында К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын жеке ырдоо классында профессор болуп эмгектенген.

Токтоналы Сейталиев 50 жылдык чыгармачылык жолунда татаал жана көп кырдуу образдардын бүтүндөй галереясын жогорку чеберчилик менен жаратып, Ж. Вердинин «Дон Карлос» (Дон Карлос),

Ж. Пуччинин «Жанни Скикки» (Ринуччо), Г. Доницеттинин «Любовный напиток» (Неморино), А. Бойтонун «Мефистофель» (Фауст), Ш. Гунонун «Фауст» (Фауст), М. Мусоргскийдин «Борис Годунов» (Юродивый), П. Чайковскийдин (Водемон), В. Власов, А. Малдыбаев,

В. Ференин «Айчүрөк» (Күлчоро), Ж. Вердинин «Риголетто» (Герцог), «Травиата» (Альфред), Ж. Пуччини «Чио-Чио-Сан» (Пинкертон) жана башка дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун опералык спектаклдеринде алдыңкы тенордук партияларды аткарган.

Атактуу ырчы 1970-80-жылдарда Азербайжан, Грузия, Латвия, Литва, Орто Азия жана Казакстан республикаларында жеке концерт коюп, советтик артисттердин концерттик топторунун курамына кирип, Болгария, Польша, Сирия, Түркия, Алжир, Монголия, Швеция, Дания, Швейцария, Кипр, Иордания жана Японияга барып, өнөрүн тартуулаган. Ал Атай Огомбаевдин «Гүл», «Эсимде», Владимир Левашовдун «Россиянын булбулдары», Мукаш Абдраевдин «Жалыныңа күйгөнмүн» сыяктуу кыргыз жана орус композиторлорунун ырларын жана романстарын жогорку чеберчиликте аткарып, Кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» жаздырган.

Көп жылдык чыгармачыл ишмердүүлүгү үчүн ага 1972-жылы «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти», 1974-жылы «Кыргыз ССРинин эл артисти», 1984-жылы «СССРдин эл артисти» ардактуу наамдары ыйгарылган. 1982-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. 1995-жылы Курмангазы атындагы казак мамлекеттик консерваториясынын ардактуу профессору даражасын алган.

Арген үндүү ырчы Токтоналы Сейталиевдин жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Н. Жапаров, Т. Т. Мамытов, У. А. Марипов, Р. И. Отунбаева,

С. Ш. Жээнбеков, С. С. Касмамбетов, А. К. Касымалиева,

И.Ш. Өмүркулов, Ж. К. Турускулов, М. К. Алимбеков, Б.Э. Төрөбаев, А. Т. Сулайманов, А. Т. Мамашева, Г. С. Молдобекова, А. Э. Новиков, У. Т. Кармышаков, Ж. А. Асанкулов, К. О. Иманалиев,

А. Б. Бейшеналиев, К. К. Ташиев, К. Б. Базарбаев, Ж. У. Саралаева, М. И. Мияров, Б. Ж. Кудайбергенов, Т. С. Садыков, Б. Жакиев,

К. Сартбаева, С. Токтакунова, М. Т. Байжиев, Д. А. Жалгасынова, Ж.Т. Түмөнбаева, Э. Молдокулова, К. Орузбаев, К. Ы. Турапов,

С. А. Раев, М. С. Шаршенбаев, М. А. Бегалиев, М. М. Чотонов,

Р. Н. Чокоева, К. Сыдыков, А. А. Нуртазин, М. Шарафутдинов,

И. К. Сартбаев, Э. Э. Аманкулов ж. б.

Пикир

Оставить комментарий