• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АРИС Баткен облусуна коргонуучу каражаттарды берди

Аймак 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) Баткен облусуна жалпы баасы 1 млн 400 миң сомдук коргонуучу каражаттарды берди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова ушундай оор кырдаалда жакындан жардам көрсөткөн, аталган уюмдун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, АРИС уюму облусубузду ар тараптуу өнүктүрүүдө ишенимдүү өнөктөш экенин белгиледи.

АРИС уюмунун Баткен облусу боюнча регионалдык координатору Камил Орозбаевдин айтымында, уюмдун негизги максаты айылдардын инфраструктурасын чыңдоо болгондуктан, бул ирет да кооптуу илдеттен коргонуучу каражаттар айылдардагы ФАП жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна, 35 айыл аймактын администрацияларына берилип жатат.

Коргонуучу каражаттар комбинезон, беткап, колкап, антисептик, көз айнек ж.б. турат.

Пикир

Оставить комментарий