• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

АРИС суммасы 205 млн. доллар болгон 12 долбоорду ишке ашырууда

Коом 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. АРИС жалпы суммасы 205 млн доллар болгон 12 долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулаган жыйында айтылды.

Учурда агенттик тарабынан суу менен камсыз кылуу жана сууну буруу, социалдык инфратүзүм, жайыттарды жана мал чарбасын жакшыртуу багыттары боюнча иштер аткарылууда.

Алар төмөнкү багыттар боюнча:

- айыл жергесин суу менен камсыз кылуунун жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана санитариялык абалын жакшыртуу;

- социалдык жана экономикалык инфраструктуралык объектилерге жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу;

- мал чарбачылыгынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, жайыт жамааттарынын кирешесин көбөйтүүгө жана экономикалык жактан өсүүсүнө жардам берүү;

- сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу жана энергонатыйжалуулугу жогору технологияларды колдонуу менен шаардык инфраструктураны башкаруу.

Өкмөт башчы учурда калкты ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу маселеси, айрыкча аймактарда курч болуп турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий