• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АРИС тарабынан Баткен районуна жана Баткен шаарына айыл чарба техникалары берилди

Аймак 0

Бишкек, 17.04.18 /Кабар/. АРИС тарабынан Баткен районуна жана Баткен шаарына айыл чарба техникалары берилди.

Айыл чарба техникаларын КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жана АРИС уюмунун өкүлдөрү Жайыт пайдалануучулар бирикмелерине салтанатуу тапшырышты. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Гранттык негизде берилген техникалар Баткен районунун 6 айыл аймагынын жана Баткен шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмелерине тапшырылды.

Бул гранттык колдоонун негизги багыты жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу, жайыттарды калыбына келтирүү болуп саналат.

Атайын техниканы сатып алуу үчүн АРИС тарабынан 17 488 800 сомдук гранттык колдоо көрсөтүлдү.

Техникалар аймактардагы жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн пайдаланылат.

Акыркы үч жылдан бери Баткен облусунда ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген АРИСтин “Айыл чабасын жана рынокту өнүктүрүү 2” долбоорунун алкагында облустагы 34 жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин 31не учурда айыл чарба техникалары берилди. Уюмдун өкүлдөрү билдиргендей, дагы үч жайыт комитетине жакынкы күндөрү берилет.

Бул долбоордун алкагында Баткен облусуна 189 млн сом каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий