• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Арман дүйнө! Бир жумада эки чыгаан журналисттен айрылдык

Коом 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Тилекке каршы бул жай эки чыгаан, жаш кыргыз журналисттеринин мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы менен эсте калат.

Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурап олтурат. “Sputnik Кыргызстан” радиосунун жооптуу редактору, журналист Исмаил Мамытов менен “Азаттык” радиосунун белгилүү журналист-иликтөөчүсү Уланбек Эгизбаевдер мезгилсиз дүйнөдөн кайтышты.

Исмаил Мамытов узакка созулбаган оорудан улам, ооруканада көз жумган. Ал болгону 25 жашта эле, каза болоордон бир жума мурун 2018-жылдын 6-июлунда сүйүктүүсүнө баш кошуп, тоюн өткөргөн.

“Sputnik Кыргызстанда" 2016-жылдан тарта иштей баштаган. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында мугалим болуп эмгектенип, спорт менен машыгып жүргөн. "Санжыра" радиосунда, "Манас жаңырыгы" телерадио компаниясында алып баруучу болуп иштеген.

Уккан кулагыңа ишенбейсиң... Бирок дагы бир чыгаан кесиптешибизден айрылдык. 22-июлда 28 жашында Уланбек Эгизбаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал жубайы менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында эс алып жүргөн.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган.

Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.

“Кабар” КУМАнын жалпы жамааты маркумдардын жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгыларын тең бөлүшөт...

Пикир

Оставить комментарий