• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Армения президенти алты министрди отставкага кетирди

Дүйнө 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Армения президенти Армен Саркисян Еревандагы каршылык акцияларынан кийин алты министрди отставкага кетирди. Жумуштан бошотулган аткаминерлер мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө каршы мыйзамды колдогон "Гүлдөгөн Армения" жана "Дашнак-цутюн" партияларынын мүчөлөрү болушкан.

Күн мурун Армения премьер-министри Никол Пашиняндын тарапкерлери парламенттин имаратынын алдына чогулуп, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан.

Пашинян митингде сөз сүйлөп, Улуттук жыйынга барып, парламенттик фракциялар менен сүйлөшө турганын билдирген. Ал кризистен чыгыш үчүн премьер-министрликтен кетерин, ал эми Улуттук жыйын эки жолу өкмөт башчыны шайлай албай калса, Конституция боюнча тарай турганын айтты. Андай болгон учурда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүшү керек.

Армениянын Улуттук жыйыны 2-октябрда кезексиз жыйынынга чогулуп, парламентти таратууну алдын алган мыйзам кабыл алган. Мындай өзгөртүүнү парламенттеги үч фракция, Республикалык партия, “Дашнакцутюн” жана “Царукян” блогу колдогон. Пашинян мыйзамдагы бул оңдоп-түзөөнү колдогон депутаттарды жана саясий күчтөрдү “контрреволюционерлер” деп атады.

Шейшемби күнү кечинде Еревандын Баграмян проспектисине бул өзгөртүүлөргө каршы чыккан тарап чогулуп, парламенттин кире бериши тосулду.

Соңку маалымат боюнча, Баграмян проспектине чогулгандар парламенттин аймагына кирип барганы кабарланууда. Алар "Эркин, эгемен Армения!" деп кыйкырып турушту.

Пашинян президенттин жарлыгы күчүнө кирери менен кызматтан кетерин жана премьер-министрдин милдетин аткарып каларын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий