• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Армения президенти: Түркмөнстан – ишенимдүү өнөктөш

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 24.08.17 /Кабар/. Түркмөнстан ишенимдүү өнөктөш жана биз эки өлкө ортосундагы мамилени жигердүү өнүктүрүүгө кызыктарбыз, бул үчүн бардык шарт бар. Бул тууралуу бүгүн Армения президенти Серж Саргсян Ереванга расмий сапар менен келген Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовду кабыл алып жатып билдирди.

“Арменияга келгениңизге өтө кубанычтамын. Сиздин сапар – өтө олуттуу окуя жана ал эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгын утурлай өтүүдө”, -деди Серж Саргсян

Өз кезегинде түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов армян элинин меймандостугуна ыраазычылыгын билдирди.

“Ушул жылы, тактап айтканда 9-октябрда эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орношуна 25 жыл толот. Бул убакыт аралыгында саясий, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү үчүн чоң иш жасалды. Эң башкысы бул сапар өз ара байланыштарга, жаңы мүмкүнчүлүктөргө дем берет”,- деди Бердымухамедов.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Арменияга Серж Саргсяндын чакыруусу менен келген.

Пикир

Оставить комментарий