• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Арменияда экс-президент Роберт Кочарян соттолууда

Дүйнө 0

Бишкек. 13.05.19 /Кабар/. Арменияда 13-майда конституциялык түзүмдү кулатууга аракет жасоого айыпталган мурдагы президенти Роберт Кочаряндын соту башталат.

Армениянын экинчи президенти, 64 жаштагы Роберт Кочарян 1998-2008-жылдары өлкөнү башкарган. Ал «2008-жылы конституциялык түзүлүштү кулатууга аракеттенген» деген айып менен камакта отурат.

2008-жылдын февралында президенттик шайлоодо Серж Саргсян жеңишке жеткен соң Арменияда жапырт нааразылык акциялары башталган. Ошол кездеги президент Кочарян өзгөчө кырдаал режимин киргизип, демонстрацияны таратууга армия да тартылган. Акция учурунда эки демонстрант жана эки полиция кызматкери өлгөн.

Экс-президент 2018-жылы 28-июлда камакка алынып, көп өтпөй бошотулган. 7-декабрда кайра камалган. Ал айыптоолорду четке кагып, азыркы премьер-министр Никол Пашинян саясий жактан «өч алууда» деп айткан.

«1-март иши» иши көп убакыт иликтенген эмес, 2018-жылы бийликке Никол Пашинян келгенден кийин кайра жанданган.

Пикир

Оставить комментарий