• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.

Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан премьер-министрди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.

Визиттин жүрүшүндө Никол Пашинянды Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын катышуусундагы кезектеги жыйын 2019-жылдын 9-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий