• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Армениянын премьери Никол Пашинян апрелде отставкага кетет

Дүйнө 0

Бишкек, 29.03.21./Кабар/. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян апрелде отставкага кете турганын билдирди. Ал мындай кадамга июнга белгиленген «кезексиз парламенттик шайлоонун өтүшү үчүн» бара турганын белгиледи.

Өлкө мыйзамдарына ылайык, Пашинян добуш берүүгө чейин өкмөт башчынын милдеттерин аткара берет.

Оппозиция Пашиняндын кызматтан биротоло кетишин талап кылып, болбосо шайлоо таза өтпөй турганын билдирүүдө. Өз кезегинде премьер-министр шайлоодо утулса, бийликти жеңип чыккан тарапка өткөрүп берүүнү убадалады.

28-мартта оппозиция өкүлдөрү Еревандын борбордук бөлүгүндө кезектеги жолу митинг өткөрүштү.

Арменияда нааразылык акциялар февралдын аягында жанданган. Ага чейин оппозиция Армениянын Тоолуу Карабак үчүн кармашта жеңилгенине премьер-министр Никол Пашинянды күнөөлөп, кызматтан кетишин талап кылып келген. Бир нече аптага созулган саясий кризисти жөнгө салуу максатында 20-июнда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган.

Былтыр күзүндө алты аптага созулган куралдуу жаңжал Азербайжан, Армения жана Орусия үч тараптуу макулдашууга кол койгондон кийин токтогон. Анын жыйынтыгында Тоолуу Карабактын чет жакаларындагы үч район кайра Азербайжанга кайтарылып, тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын 2 миңдей жоокери киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий