• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Армениянын премьери Никол Пашинян Бишкекке келди

Саясат 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Армениянын премьер-Министри Никол Пашинян Бишкекке келди.Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

«Манас» эл аралык аэропортунда премьер-министр Никол Пашинянды министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Никол Пашинян Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.

Пикир

Оставить комментарий