• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Армениянын президенти Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Армения Республикасынын Президенти Армен Саркисян Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

«Сиздин 60 жылдык мааракеңизге байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз!

Биздин элдерибиздин ортосундагы өз ара урматтоонун жана достуктун жакшы каада-салттары, армян-кыргыз өнөктөштүгүн өнүктүрүү кызыкчылыгында биздин өлкөлөрдүн биргелешкен күч-аракеттери үчүн негиз катары кызмат кылып, ошондой эле евразиялык интерграциялык механизмдер аркылуу экономикада жана маданий-гуманитардык тармактарда перспективдүү долбоорлорго көмөк болооруна ишенем», — деп белгиленет Армения Президентинин куттуктоосунда.

Армен Саркисян Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук, бакыт-таалай жана Кыргыз Республикасынын жыргалчылыгы үчүн жаңы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий