• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Армрестлинг боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандыктар алтын жана күмүш утушту

Спорт 0


Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Түркияда армрестлинг боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат, учурда Кыргызстандын байке куржунунда эки медаль бар. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Турнирге 454 өлкөдөн 1 миң 203 спортчу катышууда.

Мелдештердин биринчи күнү Асхат уулу Өткүр 50 кг чейинки салмактык категория боюнча беттештерге катышып, күмүш медаль уткан.

Ошондой эле Шахман Сулайманов 60 кг чейинки салмактык категорияда өзгөчөлөнүп, алтын медаль тагынды

Сулайманов бул ал катышып жаткан биринчи чемпионат эмес экендигин айтып, буга чейин 14 спортчуну артта калтыргандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий