• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Армрестлинг боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 27.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 24-25-март күндөрү менен Бишкектеги Каба уулу Кожомкул спорт сарайында армрестлинг боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү.

КР Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашкандай, турнирге өлкөнүн бардык аймактарынан келген 245 спортчу катышкан.

Медалдар 92 кг салмактык категория боюнча ойнотулган.

Жалпы курамалык эсеп боюнча Жалал-Абад облусунун, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун курамалары алдыга чыккан.

Эске сала кетсек, армрестлинг III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилген. Өткөрүлгөн иш-чара тандоо алкагындагы биринчи турнир болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий