• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Арсалан Будажапов Азия биринчилигинин финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 22.02.20./ Кабар/. Эркин күрөш боюнча Индияда өтүп жаткан Азия биринчилигинде кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов алтын үчүн күрөшөт.

79 килограмм салмакта күрөшкөн кыргызстандык балбан жарышты чейрек финалдан баштап, анда казакстандык балбан Галымжан Усербаевди (4:2) жеңген. Андан кийин жарым финалда ирандык Али Бахтияр Савадкухини 3:1 эсебинде жеңип чыкты.

Финалда ал индиялык Балиян Гоурав менен күрөшөт.

Эскертке кетсек, Нью-Делиде (Индия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күнү болуп өтөт. Бүгүн-эртең эркин күрөш боюнча мелдеш өтөт.

Пикир

Оставить комментарий