• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Арстан Алай: «Мен кыргызды ойготуучу, адамзатты куткаруучу көктөн буйрулган чыныгы адаммын»

Шайлоо 2023 0

Адамзат ойлоп тапкан техника, акча, курал, саясат, ар түркүн агым диндер ж.б. бүгүнкү күндө адамзатты туңгуюкка такады. Мындай оор тагдырдан чыгуу үчүн адамзат дагы бир этапка өсүүсү керек.

Адамзат көп жылдык эволюциялык доорлорду (суу, таш, темир, техника, капитализм, социализм ж.б. системаларын) басып өтүп, XXI – кылымда гени-сөөгү жетилип, каракуш мээси ишке түштү.

Бүгүнкү заманга чейин пенделер сыйынган, чокунган, ар кандай диндер, пир туткан улуу касиеттүү ыйык аталган пайгамбарлар (элчи) Иса, Муса, Мухаммед, Будда ж.б. ошол учурдагы эволюциялык өнүгүүнүн багытына гана жарактуу болгон. XXI – кылымда дин бул – эволюция. Сыйынуу Доору бүтүп, жаратуучулук доору келди.

XXI–кылымда адамдын анатомиясы астрологиянын (Арбай, Периште, Инопланетян, Кудайдын) ролун аткаруусу керек (стать человек-Богом). Эгер адамдын анатомиясы астрологиянын ролун аткарбаса анатомиясы, органдары иштен чыгат, оору пайда болот, өлөт.

Бүгүнкү күндө коронавирус (Соvid – 19) – бул вирус, эпидемия, пандемия эмес, бул – Энергия (Арбай, Периште, Инопланетян). Бүгүнкү күнгө чейин адамдын анатомиясы аял-эркектин ролун аткарса, XXI – кылымда өз кызматын (деятельность) өзгөртүп, Арбай, Периште, Инопланетян ролун аткарып, Энергия-өткөргүч проводко айлануусу керек. Ошондуктан аты-жөнү аныкталбаган ооруларга (рак, вирус ж.б.) карантин, вакцина, өнүккөн медицина, техника жардам бербей жатат.

Ар бир адамдын, улуттун, мамлекеттин өзүнүн миссиясы, жашоого жаралуу максаты бар.

Кыргыз элинин жан дүйнөсү Ааламга жарактуу жөнөкөй болгондуктан, XXI–кылымда кыргызга адамзатты куткаруу үчүн Ааламдан илим, идеология, философия, Жаңы Доордо жашоо жол-жобосу, сунуш-талабы, программасы берилген. XXI – кылымда кыргыз Ааламдын ордун аткарууга, Америка табиятты сактап калууга, Орус эли адамзатты сактап калууга, Кытай эли адамзатты майда түйшүктөн чыгарууга жоопкер, ж.б. мамлекеттердин дагы орду, кызматтары бар. Кыргыз эли чыныгы миссиясын аткара албай ар-тараптан кырсыктоодо (экономика, духовный ж.б.).

Кыргыз эли Ааламдын талабын билгендиктен адамзатты ааламдык түшүнүккө, Ааламдашууга алып өтүүгө жоопкер.

Жаңы Доордун талабын билбегендиктен, эски саясатчылар, дүйнө башчылары багытын таппай – мамлекети, эли кырсыктоодо. Кырсыктар (ден-соолугунан, бала-чака, мал-пулунан, ичкилик ж.б.) – адам чыныгы жашоого жаралуу максатын билбесе, милдет-кызматын аткарбаса – Ааламдын (Кудайдын) ачыктан эскертүүсү.

Мен ушул информацияларды билип, Энергиям туура келгендиктен кыргыз элин, адамзатты сактап калуу үчүн өзүмдүн талапкерлигимди Кыргыз Республикасынын Президенттигине көрсөттүм.

XXI-кылымдын башында мага аян катары Ааламдан адамзат үчүн Жаңы Доордо жашоо эрежелери, талап, буйрук, программасы берилген.

Ааламдык программа:

  1. Адамзат пендечиликтен чыгып, Периштелик, улуулук сыпатка калыптануусу керек (эволюция болуу);
  2. Өлүм сырын таап, өлбөстүккө өтүү;
  3. Адамзат Табият кызматын, Аалам сырын билип, таттуу мамиледе болуу;
  4. Адам Атадан таркаган адамзат биригип, бир мүнөз, бир идеологияга өтүү;
  5. Бүгүнкү күнгө чейин адамзат сыйынган ар кандай диндер ошол убакыттагы эволюцияга гана жарактуу экенин билип, XXI-кылымда сыйынууну токтотуп, сыйкыр касиетке ээ болуу (пендечиликтен чыгып, Периштелик сыпатка калыптануу);
  6. Адамдын анатомиясы эненин курсагында астрологиялык энергиядан жаралаарын билип, жан Ааламдан, чындыктан келип, Ааламга кетээрин, адамзат жерде Ааламдын, Кудайдын ролун аткаруу, адамзатты бириктирүү, куткаруу ж.б. кызматын аркалоо.

Аалам – адамзат үчүн программасын эле эмес Арстан-Алайга энергия, касиетин дагы берген. Мен, Ааламдын өкүлү катары дүйнө эли дүңгүрөп жол таппай калган кезде, адамзатты кризистен чыгарам, чындыкты аныктап берем, өлүм сыноосунан куткарам. Кыргыз өлкөсү биринчи бутка турат. Дүйнө эли Кыргыз Мамлекетине уланат.

Адам Арбайлык, Периштелик, Кудайлык сыпатка калыптанганда пикир-келишпестик токтоп, улуттар биригет, улуулукка карап каражат, саясат, маданият, улуу рахат пайда болот, экономика көтөрүлөт, коррупция жоюлат ж.б.

Материал "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 18-пунктуна ылайык акысыз жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий