• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Артем Новиков Баткендеги өрттөнүп кеткен мектептен кабар алды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Премьер-министрдин м.а., биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусундагы иш сапарында Баткен районундагы Чоң-Талаа айылында бүгүн өрттөнүп кеткен мектепти карап чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жергиликтүү бийлик органдарына Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте мектептин имаратын оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

«Мектептин имаратын калыбына келтирүү иштерин тездетүү керек. Тиешелүү финансы булактары бөлүнүп берилет», - деди Артем Новиков.

Мектеп 1980-жылы курулган. Билим берүү мекемеси 180 орунга ылайыкталып, 300дөн ашык окуучу билим алып келген.

Бүгүн эртең менен өрт чыккан учурда мектепте балдар болгон эмес, жаракат алгандар жок.

Пикир

Оставить комментарий