• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Артем Новиков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышты

ЕАЭБ 0

Бишкек, 05.12.20. /Кабар/. КР Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин видеоконференция режиминде өткөн кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Артем Новиков өз сөзүндө пандемиядан кийинки мезгилде ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн экономикасынын мындан ары өнүгүшү кабыл алына турган чаралардан жана алардын туруктуулугунан түздөн-түз көз каранды экендигин белгиледи.

«Өлкөлөр тарабынан болуп көрбөгөндөй чаралар жана чектөөлөр менен кабыл алынган аргасыз «кулпулоонун» кесепеттери бизди күч менен 4 даражадагы эркиндиктин чектелишине жана соода менен инвестициялардын олуттуу кыскарышына, ишкердүүлүктүн төмөндөшүнө жана өндүрүштүн төмөндөшүнө алып келет. Пандемиядан кийин дүйнө мурдагыдай болбой турганы айдан ачык, ошондуктан глобалдык жана ички чакырыктарга биздин мамилебиз учур талабын эске алуу менен оңдолушу керек», - деп белгиледи Премьер-министрдин м.а.

«Өнүгүүнү прогрессивдүү сценарийи жана интеграцияны тереңдетүү боюнча жаңы чечимдерди иштеп чыгуу керек. Жакынкы 5 жылга интеграцияны өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктаган Биримдиктин 2025-жылга чейинки Стратегиясын ишке ашыруу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук экономикасын чыңдап, бирликтин дүйнөлүк аренада кадыр-баркын көтөрүү менен эл аралык кызматташтыктын чектерин кеңейтет. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында гана алдыга коюлган максаттарга жетип, дүйнөлүк кризистен чыгууга болот».

Пикир

Оставить комментарий