• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Артем Новиков «Газпром» компаниясынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков «Газпром» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылы өлкөнү газдаштыруу жана мамлекеттик уюмдардын автопаркын газомотордук отунга өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча «Газпром-Кыргызстан» ЖЧК инвестициялык программасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана отун-энергетикалык тармагын өнүктүрүү маселесине чоң маани берет. «Газпром-Кыргызстан» ЖЧК биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз болуп саналат, аны менен социалдык тармактагы долбоорлорду кошуп алганда, бир катар долбоорлор ишке ашырылып келген. Биздин эки тараптуу кызматташтыгыбыз мындан ары карай дагы конструктивдүү болооруна ишенем», - деди премьер-министрдин м.а. Артем Новиков

«Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов белгилегендей, компания негизги ишмердүүлүгү менен катар өлкөдөгү спортту өнүктүрүүгө жана билимди колдоого алууга өзгөчө көңүл бурат.

«Биздин компания аркылуу Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында бир катар социалдык жана спорт объектилери курулган, алар өлкө жарандарынын кызыкчылыгы үчүн өз ишин алып барууда», - деди ал.

Мындан тышкары, Артем Новиков жана Виталий Маркелов жаратылыш газына бааны төмөндөтүү мүмкүндүгү жана ага карай баанын түзүлүшү маселесин, анын ичинде Бишкек шаардык ЖЭБ үчүн атайы тарифти түзүү маселесин талкуулады.

Белгилесек, 2016-жылдан тарта Бишкек шаарынын жаңы конуштарын жана Чүй облусунун калктуу пункттарын газдаштыруу боюнча толук кандуу иш жүрүүдө. Бүгүнкү күндө жаңы конуш тургундарынын болжол менен 58% «Газпром-Кыргызстан» ЖЧК абоненттери болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий