• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Артем Новиков Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 8-беренесине ылайык, Аалиев Азиз Кубанычбекович Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

Буга катар Новиков Артем Эдуардович 3 жылдык мөөнөткө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий