• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Артыкбаев Атамбаевге каршы көрсөтмө берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында мурунку мамлекет башчынын кол тийбестигин алуу боюнча комиссиянын чечимин кароо учурунда депутат Каныбек Иманалиев кабарлады.

Иманалиев белгилегендей, комиссиянын тыянагында Атамбаевдин 6 жыл бою Бишкек ЖЭБине көмүр ташууга катыштыгы тууралуу айтылат. Алсак, ал “Прогресс компани” аттуу компаниянын кызыкчылыгын коргоп, көмүрдүн баасын 20 долларга жогорулатканы жөнүндө айтылат.

Комиссиянын корутундусун окуп жатып, Иманалиев мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин берген көрсөтмөсүндө да бул тууралуу айтыларын кабарлады.

Пикир

Оставить комментарий