• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Артыкбаев “Хидайя” Эл аралык зордук-зомбулукка каршы күрөшүү борборунун директору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 16-июнунда КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев “Хидайя” Эл аралык зордук-зомбулукка каршы күрөшүү борборунун директору, Абу-Даби Эмиратынан БАЭ Федералдык Улуттук Кеңешинин мүчөсү жана Коргоо, ички жана тышкы иштер боюнча комитетинин төрагасы Али Рашид Аль-Нуайми менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар терроризмге жана экстремизмге каршы туруу маселесин талкуулашты, ошондой эле бул чакырыктар адамзаттын жана дүйнөнүн туруктуулугуна жана коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыгын тастыкташты.

Министрдин орун басары А.Артыкбаев экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуунун негизи диний сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу экендигин жана Кыргызстан "Хидайя" Эл аралык борборунан кыргыз дин тутумунда тиешелүү илимий методологияны калыптандыруу боюнча тажрыйба топтоого көмөк күтɵɵрүн белгиледи.

Айбек Артыкбаев Кыргызстан үчүн Жакынкы Чыгыштагы согуштук зоналардан, атап айтканда Ирак жана Сириядан кайтып келген балдарды реабилитациялоо абдан маанилүү маселе экендигине көңүл бурду, ушуга байланыштуу "Хидайя" Эл аралык борбор тарабынан колдоо көрсөтүсү бул маселеде калыбына келтирүү процессине оң таасирин тийгизет.

Министрдин орун басары Айбек Артыкбаев жана Эл аралык борбордун директору Али Аль-Нуайми Кыргызстан менен "Хидайя" зомбулук экстремизмине каршы күрөшүү боюнча эл аралык борборунун мындан аркы кызматташтыгы жөнүндө келишим түзүштү.

Маалымат үчүн: “Хидайя” эл аралык борбору диалог, баарлашуу, потенциалды жогорулатуу программалары, изилдөө жана талдоо аркылуу зордук-зомбулукка жол берген экстремизмге каршы туруу үчүн билимин жана тажрыйбасын колдонуучу алдыңкы эл аралык уюм. Уюм зомбулук экстремизмдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгууга өкмөттөрдү жана улуттук кызыкдар тараптарды колдоо боюнча чоң тажрыйбага ээ жана бул жаатта глобалдык лидер катары таанылган.

Пикир

Оставить комментарий