• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Артыкбаев менен Калиевдин саламаттыгы туруктуу – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.06.18. /Кабар/. Камактагы депутат Осмонбек Артыкбаев менен “Улуттук энерго холдинг компаниясы” ААКтын мурдагы башчысы Айбек Калиевдин саламаттыгы туруктуу, алар тараптан ден соолугуна байланыштуу эч кандай даттануулар болгон жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Айта кетсек, мурда Артыкбаевдин ден соолугу начарлап, тез жардам чакыртылган деген маалымат чыккан.

Ошондой эле айрым ЖМКда Айбек Калиевдин да саламаттыгы начарлагандыгы тууралуу маалымат тараган.

УКМКдан бул маалыматты төгүндөштү.

Эске сала кетсек, Артыкбаев менен Калиев “Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Пикир

Оставить комментарий