• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Артыкбаев менен Сауд Аравиянын элчиси кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А. Артыкбаев Сауд Аравия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим Абдулрахман Аль-Радини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, долугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгынын маселелерин жана эки тараптын тең кызыкчылыгын туудурган бардык тармактар боюнча өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Атап айтканда, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, министрликтер аралык саясий кеңешмелерди, Кыргызстан жана Сауд Аравиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отурумун өткөрүү, түз аба каттамдарын ачуу маселелери козголду. Эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө жана Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартууга өзгөчө басым жасалды.

Жыйынтыгында министрдин орун басары Артыкбаев Сауд Аравиясынын Өкмөтүнө медициналык жабдыктар жана жеке коргонуу каражаттарын камтыган 500 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий