• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасы Испаниядагы кинофестивалга катышат

Маданият 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Кыргызстандык режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасы Испаниядагы Imagine India Film Festival кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынан билдиришти.

Кинофестиваль 24-сентябрдан 9-октябрга чейин өтөт. “Шамбала” тасмасы Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасынын негизинде тартылган.

Эскерте кетсек, Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасы “КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы” наамында “Ника” сыйлыгын жеңип алган. Ал эми Россияда өткөн “Москва премьерасы” кинофестивалында “Шамбала” тасмасында Момун чалдын ролун аткарган Насретдин Дубашев “Мыкты эркек ролу” сыйлыгын алса, тасмадагы кичинекей бала – Шамбаланын ролун аткарган Артур Аманалиев оюну калыстар тарабынан өзгөчө белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий