• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Арыста 350 киши дайынсыз жоголгондордун тизмесинде

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. 24-июнда жарылуу болгон Арыс шаарында 350 киши дайынсыз жоголгондордун тизмесинде. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Өзгөчө кырдаалдар боюнча шаардык департаментке шилтеме берүү менен билдиришти.

Жоголгондордун арасынан үч киши табылды.

“Ыкчам линияга” Казакстандын облустарынан жана чет өлкөлөрдөн 50дөн ашык чалуулар түштү. Алар Арыстын жашоочуларына жардам берүүгө даяр экенин билдиришүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлдөрү Арыс шаарынын жашоочуларын каттоого алууну улантууда.

Шаарда эвакуациялык 40 жай иштеп жатат. Аларга 4880 киши жайгаштырылды – теңи балдар. Көптөгөн жашоочуларды туугандары алып кетүүдө. Расмий маалыматтар боюнча Шымкетте 20371 киши каттоого алынды.

26-июнда Арыстагы жарылуу учурунда жаракат алган экинчи аскер кызматкери көз жумду. Буга чейин эки адам каза болгон.

24-июнда Түркстан облусунун Арыс шаарында ок-дары сакталган кампа жарылган. Калаадагы 43 миң адамдын 42 миңи коопсуз жайга көчүрүлгөн. Жарылуу коркунучу дале сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий