• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Арыста дагы жарылуу болуп, төрт аскер жабыркады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Казакстандын Арыс шаарындагы аскердик кампаны тазалоо учурунда ок-дары бөлүктөрү жарылып, төрт аскер кызматкери жаракат алды. Алар дароо Алматыдагы аскердик госпиталга жеткирилди. Окуя 13-сентябрда болгон.

Бул тууралуу Казакстан Коргоо министрлиги билдирди. Аскердик полиция текшерүү жүргүзүүдө.

Жарадар болгондордун саламаттыгы тууралуу кабар бериле элек.

Маалыматка караганда, ок-дары сакталган кампанын айланасы тазаланды, карапайым адамдардын өмүрүнө коркунуч жаралган жок. Ошол эле учурда министрлик кампанын ичиндеги ок-дарыларды толугу менен зыянсыздандырууга убакыт керек экенин билдирүүдө.

Казакстандын Арыс шаарында 24-июнда ок-дары сакталган кампа жарылып, төрт киши мерт болгон. Дарыгерлерге 400дөй адам кайрылып, алардын 80ден ашыгы ооруканага жаткырылган.

Казак бийлиги жарылуудан шаардагы үйлөрдүн 85% эшик-терезелери, чатырлары талкаланганын кабарлаган. Калаанын 63 жеринде, анын ичинен 26 үйдө өрт чыккан.

Августтун аягында Арыстагы аскердик бөлүктүн командири менен анын орун басары кармалган. Алар «жарылуучу заттарды колдонуу эрежелерин бузуу» жана «оор кесепеттерге алып келген шалакылык» беренелери боюнча шектелүүдө.

Акыркы 10 жылда Арыстагы аскер кампаларында төрт жолу жарылуу болгон, бир нече киши көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий