• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Арыстагы жарылууга байланыштуу токтотулган "Бишкек-Москва" темир жол каттамы иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Казакстандын Арыс шаарындагы жарылууга байланыштуу токтотулган "Бишкек-Москва" темир жол каттамы иштей баштады. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүн, 26-июндан тарта "Бишкек-Москва" багытындагы №17 жүргүнчүлөрдү ташыган поезди белгиленген график боюнча каттай баштаган.

Белгилей кетсек, буга чейин Арыстагы жарылууга байланыштуу "Бишкек-Москва" темир жол каттамындагы поезди убактылуу токтотулгандыгы кабарланган болчу.

Эске салсак, 24-июнда Казакстан Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүндө жарылуу болгон. Азырынча 2 адам каза болуп, бир нече адам жаракат алгандыгы кабарланууда. Кырсык болгон аймакка президент Касым-Жомарт Токаев барган.

Арыс Шымкенттен 97 чакырым аралыкта жайгашкан. Шаардагы полигондо буга чейин бир нече жолу жарылуу болуп, адамдардын өмүрү кыйылган.

Пикир

Оставить комментарий