• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Арысты калыбына келтирүүгө 56,1 миллиард теңге которулду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Курал-жарак кампасынан чыккан жарылуудан зыян тарткан Арыс калаасын калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 56,1 миллиард теңге (144,7 миллион доллар) которулду.

Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга Казакстан каржы министри Алихан Смаилов билдирди.

Смаиловдун айтымында, Арысты калыбына келтирүүгө өкмөттүн резерв фондунан 27,5 миллиард теңге, жергиликтүү бюджеттен 20 миллиард теңге, «Самрук-Казына» улуттук фондунан 2,6 миллиард теңге жыйналган.

Бул каражат Арыстын ар бир жашоочусуна 100 миң теңгеден компенсация төлөөгө, шаардагы үйлөр менен социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө, жаңы үйлөрдү салууга жумшалат.

Өкмөттүн резерв фондунан Арыстагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана курал-жарактарды көчүрүү үчүн дагы кошумча 8,1 миллиард теңге бөлүнгөн.

Арыста 24-июнда ок-дары сакталган кампа жарылып, расмий маалымат боюнча үч киши мерт болгон. Анын экөө аскер адамы, бири карапайым тургун. Эвакуация учурунда оор жаракат алган сегиз жашар бала 2-августта чарчап калды.

Дарыгерлерге 400дөй адам кайрылып, алардын 80ден ашыгы ооруканага жаткырылган. Жергиликтүү бийлик 28-июнда шаар жарылуудан чачыраган ок-дарыдан толук тазаланганын билдирген. Ошол күнү үй-жайын таштай качкан тургундар Арыска кайтып келген. Айрым тургундар бийликтен коопсуз конушка көчүрүүнү талап кылышкан.

Арыстагы аскердик бөлүктөрдүн аймактарында жарылуулар буга чейин да болгон. 2009-жылдын март айында шаардан эки чакырым алыс жайгашкан бөлүктө жарылуу болуп, төрт киши мүрт кеткен, 20дай киши жарадар болгон. Анда аскердик шаарчанын тургундары коопсуз аймакка көчүрүлгөн. 2015-жылкы жарылуу бир адамдын өмүрүн алган.

Пикир

Оставить комментарий