• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Арзан турак жай 2015-2020». «БТА Банктын» Ноокат шаарындагы кардары ипотекалык кредит аркылуу батирлүү болду

Коом 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Ош областынын Ноокат шаарынын тургуну Сахабат Абдрасулова Соцфонддогу иши, пенсионерлер менен иштешүүнүн айрым жазылбаган эрежелери жана «БТА Банктан» алган ипотекалык кредити жөнүндө айтып берди. Эске сала кетсек, «БТА Банк» Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын социалдык багыттагы «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат.

Сахабат Абдрасулова Ош облусунун Ноокат райондук социалдык фонд башкармалыгынын пенсия төлөө жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Ноокат Ош облусундагы Кара-Суудан кийинки эле эң чоң район болгондуктан пенсия курагындагылардын саны да көп - дээрлик 27 миң пенсионер. Ошондуктан анын иши абдан жоопкерчиликтүү. Анын үстүнө карылардын тилин таба билүү керек.

«Пенсиянын өлчөмү көбөйгөн маалда, канча кошулганын өздөрү деле жакшы билишет. Бирок бизге келип тактамайынча алымсынышпайт, карап берсек абдан сүйүнүп калышат. Кээде пенсия чыкпай калса урушуп келишет, депутаттарга чейин арызданам деп чуу чыгарышат. Ноокатта алгачкы банкоматтар орнотулганда, банкомат акчамды кармап калды деп нааразы болгондор да көп болду Аларга акырын сылык-сыпаа түшүндүруп берсең, ыраазы болуп, баштыгындагы кантын, нанын алып чыгып, аябай батасын берип кетишет. Аларды угуп аябай иштегиң келет», - дейт Сахабат Абдрасулова.

Өзү Баткен Мамлекеттик Университетинин экономика финансы жана кредит факультетин кызыл диплом менен аяктаган. ЖОЖдон кийин түз эле Соцфондго адис болуп орношкон. Он жылдан ашык татыктуу иштеп, кесипкөйлүгүн көрсөттү. 38 жаштагы Сахабат эми минтип бөлүм башчы, абройлуу кызматтын ээси.

«Санариптешүү биздин ишти кыйла сапаттуу деңгээлге чыгарды. Мурда кол менен жазчу элек, азыр баары электрондук форматта. Мисалы, пенсионерлердин акчасын эсептеш үчүн, эмгек стажы сыяктуу керектүү малыматтардын баарын автоматтык түрдө алабыз», - дейт бөлүм башчысы.

«Чымчыктан корккон таруу экпейт»

Сахабат Абдрасулова өкмөттүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын катышуучусу. Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарга узак мөөнөттө жеңилдетилген кредит берип, турак-жай менен камсыз кылып жатканын капыстан эле угуп калган.

«Ойлоп көрсөм бул жерде иштегениме туура 12 жыл болду. Мамлекеттик ипотекалык компанияга тийиштүү документтердин баарын топтоп, тапшырып койсом, өтүп кетиптир. Банктардын бирине жиберишти. Ал жакка барсам кезек абдан узун экен. «БТА Банктагыларга» кайрылсам, макул, документтериңизди тапшырыңыз дешти. Эмне керек болсо баарын тууралап бердим. «БТА Банкка» рахмат, менин шартымды түшүнүп, жардам беришти» - дейт Сахабат.

10 жылдан бери квартирада жүргөн Сахабат, эми эки бөлмөлүү батирдин кожойкеси. Ипотеканы он беш жылга чейин төлөйт. Кредитти жылдык 7% чен менен төгүп жатат.

«Пайыздык чени төмөн экен, төлөгөндө эч кыйынчылыктар болгон жок. Алгачкы бир жылда акчасы кандай эсептелсе, ошондой берип жаттым. Анткени үйдү жасалгалап, эмерек алыш керек эле. Эми буюрса 15 жылга созбойм, айлыгымды толук берип 3-4 жылда төлөп бүтөм деген ниеттемин», - дейт Абдрасулова.

Төлөй албай калам деп корккон эмес. Мамлекеттик жумушу, туруктуу жана өз убагында колго тие турган маянасы бар. Анын үстүнө ата-энеси, бир туугандары ар дайым колдоп турушат.

«Чымчыктан корккон таруу экпейт болуп коркуп, тобокелчиликке барбасаң жүрө бересиң да. Эгер мен 10 жыл мурда аракет кылганымда эмдигиче 2 үй алып коймок экенмин. Кирешени үнөмдөп, максаттуу колдонсо эле жетет. Анын үстүнө 3-топтогу майыптыгым бар. Туугандарым, тааныштарым анча-мынча эркектер ала албаган үйдү сен алдың деп мактап жатышат», - дейт Сахабат Абдрасулова.

Ипотекага үйдү Сахабат Абдрасулова Мамлекеттик ипотекалык компаниянын «Арзан турак-жай 2015-2020” программасынын алкагында «БТА Банктан» насыяга алган.

«Жумуштагы адамдарга, өзгөчө мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине ыкчамдык маанилүү эмеспи. Биз көпкө күтө албайбыз, анткени бизди пенсионерлер, майыптыгы бар жарандар күтүп турушат. «БТА Банктын» Ноокаттагы филиалынын жетекчилиги жана кызматкерлери өз иштерин мыкты билген, ишенимдүү адамдар болгон үчүн, мен аларга кайрылдым. Маселени ыкчам эле жөнгө салышты. Көпкө кармашкан жок» - дейт Сахабат Абдрасулова.

Сахабат Абдрасулованын «БТА Банктын» «Бакай Банкка» кошулуп жатканы туурасында кабары бар. Ага кардар катары ипотекалык насыя боюнча бир жыл мурун түзүлгөн келишим, мөөнөтү аяктагыча күчүндө калаары маанилүү. Айтмакчы, «Бакай Банк» дагы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын «Арзан турак-жай 2015-2020» программасынын өнөктөшү, эки банк бириккенден кийин да бул кызматташуу улана бермекчи. Эске сала кетсек, 2020-жылдын январынан тарта «БТА Банк» «Бакай Банктын» курамына кирип, ишин «Бакай Банк» бренди менен улантат. Өз кезегинде «Бакай» каржы мекемелеринин лидерлеринин үчилтигине кирет.

Маалымат ирээтинде: Мамлекеттик ипотекалык компаниянын «Арзан турак-жай 2015-2020” программасынын алкагында ипотекалык насыя тандоо талаптарын жооп берген Кыргызстан жарандарына 3 000 000 сомго чейин 15 жылга берилет. Кардарлар жылына 7-9 пайыздан төгүшөт. Турак жайдын баасынын эң аз дегенде 10% же үчүнчү жактардын кыймылсыз мүлк түрүндөгү күрөөсү баштапкы төлөм катары төгүлүшү керек. Катышуучуларды тандоо критерийлери, тизмелер, ошондой эле Программанын башка шарттары Мамлекеттик ипотекалык компаниянын www.gik.kg сайтында жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий